12:11, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
10:48, 19-март, 2026 (236 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат
19:53, 18-март, 2026 (139 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
14:45, 18-март, 2026 (30 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды

Африка кубогу Сенегалдан алынып, Мароккого берилди

На русском
08:47, 18-март, 2026 343

АКИpress - Африка футбол конфедерациясынын (CAF) расмий сайтында Сенегал курама командасына Африка кубогунун финалында техникалык жеңилүү ыйгарылганы тууралуу маалымат жарыяланды.

«Апелляциялык кеңеш 2025-жылдагы Африка кубогунун финалында Сенегал курама командасы Мароккого каршы 3:0 эсебинде утулду деп чечти. Жеңиш Мароккого ыйгарылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Мелдештин финалында Сенегал курама командасы оюндун негизги убактысына кошумчаланган мүнөттөрдө марокколук Браим Диаска каршы эреже бузуу үчүн белгиленген пенальтиден кийин талааны таштап кеткен. Оюн 13 мүнөттөн кийин уланып, 1:0 эсебинде Сенегал курама командасынын жеңиши менен аяктаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»