19:03, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
14:45, 18-март, 2026 (41 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды
18:54, 18-март, 2026 (9 адам окуп жатат)
Ош шаарында төрт эм төрөлдү

Бишкекте Профсоюз көчөсүндө жол курууга тоскоол болгон объектилер алынууда

На русском
16:44, 17-март, 2026 716

АКИpress - Бишкекте Профсоюз көчөсүн кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан объектилерди алуу иштери уланууда. Бул тууралуу 17-мартта борбор калаанын мэриясы билдирди.

Мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы көчөнүн эки тарабында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди аныктап, бузуу иштерин жүргүзүүдө.

Өткөн аптада 58 капиталдык тосмо, 17 капиталдык пайдубал, 41 жеңил типтеги тосмо, 22 даараткана, 14 чарбалык курулуш, ошондой эле эки павильон жана бир контейнер алынды.

Мэрия бул багыттагы иштер улантыларын кошумчалады.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»