19:39, 17-март, 2026

Израил Ирандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысын өлтүргөнүн жар салды

На русском
16:14, 17-март, 2026 572

АКИpress - Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани өткөн түнү Израилдин аба соккусунан каза болду, деп билдирди Израилдин коргоо министри Исраэл Кац.

«Лариджани менен «Басидждин» командири бир түндө жок кылынды», - деди Кац, «Times of Israel» билдиргендей.

Иран бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Израилдин «12-каналын» коопсуздук кызматтарындагы булагы билдиргендей, 16-март күнү Лариджани Тегерандагы жашыруун батирлеринин бирине келиши керектиги тууралуу маалымат түшкөн. Израилдин соккусу урулганда ал уулу менен бирге ошол жерде болгон.

«Мындай соккудан кийин анын тирүү калууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес», - деди израилдик телеканалдын булагы.

ЦАХАЛ Тегеранда так сокку аркылуу «Басидж» ыктыярдуу аскердик тобунун командири Голамреза Сулеймани да өлтүрүлгөндүгүн жарыялады. «Басидж» Ислам революциясынын сакчылар корпусуна баш ийип, Ирандагы өкмөткө каршы нааразычылык акцияларын басуу менен алектенет.

Али Лариджани — жогорку даражалуу жетекчи. «The New York Times» гезити жазгандай, АКШ менен Израилдин чабуулуна чейин Ирандын иш жүзүндөгү лидери Лариджани болуп калган, ага Али Хаменеи нааразычылык акцияларын басууну жана согушка даярданууну тапшырган. Ал Тегерандын негизги өнөктөштөрү – Россия, Катар жана Оман менен байланышып турган, ошондой эле Ирандын ядролук программасы боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөгөн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»