23:14, 17-март, 2026

Жаңы «Ош» базарга алып бара турган 2 жол курулат

На русском
15:23, 17-март, 2026 572

АКИpress - Бишкектеги жаңы «Ош» базарга алып бара турган жолдорду куруу пландалууда. Транспорт министрлиги жол инфраструктурасынын схемасын жарыялады.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, Профсоюз көчөсүнөн Түндүк айланма жолго чейин 5,8 км жол курулат.

Ошондой эле жаңы жолдон «Ош» базарга алып бара турган эки унаа жолун куруу каралган. Биринчи жолдун узундугу 1,6 км, экинчи жолдуку 1,4 км болот.

Жаңы базарга алып бара турган жолдор кызыл түс менен белгиленген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»