03:56, 18-март, 2026

Январда Кыргызстанга 220,3 млн доллар акча которулду

На русском
14:17, 17-март, 2026 237

АКИpress - Январь айында Кыргызстанга эл аралык акча которуудан 220,3 млн доллар келип түштү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Тактап айтканда 205,7 млн доллар Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) уюмуна мүчө мамлекеттерден которулду. Алыскы чет өлкөлөрдөн 14,6 млн доллар салынган.

Ошол эле учурда январда Кыргызстандан 17,7 млн доллар которулду. Анын ичинен 16,3 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 1,4 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө которулган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»