АКИpress - УКМК тарабынан “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөсү болгон Т.М.Ш. аттуу КР жараны кармалды.
УКМК билдиргендей, аталган жаран Ош облусунун Араван районунда жашап жүргөндө калк арасында террордук идеологияны жайылтып, конституциялык түзүмдү кулатууга жана “Халифат” теократиялык мамлекетти түзүүгө чакырган. Андан тышкары Жакынкы Чыгыштагы аскердик операцияларга катышуу үчүн жарандарды тарткан, ошондой эле Кыргызстанда террордук актыларды жасоо иш-мерчемдерин түзгөн.
Шектүү 16-март күнү Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, Кыргызстандын аймагына алып келинди.