19:38, 18-март, 2026
Учурда окулуп жатат
14:45, 18-март, 2026 (18 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды
18:54, 18-март, 2026 (3 адам окуп жатат)
Ош шаарында төрт эм төрөлдү

Ысык-Көлдөгү жарым миллиардык «Кырчын» турбазасы мамлекетке кайтарылды

На русском
11:41, 17-март, 2026 379

АКИpress - Ысык-Көл облусундагы «Кырчын» турбазасы мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, 1997-жылы Кырчын капчыгайында жайгашкан бул турбаза мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга берилип кеткени аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн мүлк, ошондой эле 11 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»