04:17, 18-март, 2026

Минкаб Барскоон-Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түздү

На русском
10:06, 17-март, 2026 277

АКИpress - Министрлер кабинети 6-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Барскоон—Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция» мамлекеттик мекемесин түзүү тууралуу токтом кабыл алды.

Документке ылайык, жаңы дирекция жол курулушун көзөмөлдөп, долбоордун жүрүшүн тескеп, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана подрядчы уюмдардын ишин координациялайт. Мекемени каржылоо жол курууга каралган каражаттын эсебинен жүргүзүлөт. Бул үчүн жалпы капиталдык салымдардын 2,9%ына чейин бөлүнөт.

Транспорт министрлигине дирекцияны мамлекеттик каттоодон өткөрүү, 13 кызматкерге чейин штат бекитүү, аны кармоого кетүүчү чыгымдарды аныктоо жана 3 ай ичинде өз чечимдерин жаңы токтомго ылайык келтирүү тапшырылды.

Мындан тышкары, документ менен өкмөткө караштуу бир катар чечимдерге өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, тапшырыкчы-куруучулардын тизмеси кеңейтилди, Транспорт министрлигинин башкаруу түзүмү жаңыланды жана жаңы мекемени эске алуу менен мамлекеттик органдардын штаттык саны боюнча нормалар такталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет. 

Маселе тууралуу

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 27-августунда Ысык-Көл облусунда Барскоон—Бедел унаа жолун куруу долбоорун өз каражатынан баштаган.

Мамлекет башчыга жолдун маршруту түндүктөн түштүккө Барскоон, Сөөк ашуулары, Кара-Сай өрөөнү жана Ашуу-Суу ашуусу аркылуу өтөөрү маалымдалган.

Сөөк ашуусу аркылуу жыл бою өтүүнү камсыздоо үчүн узундугу 5,5 чакырым болгон өтмөк (тоннель) куруу пландалууда. Кара-Сай районунда эстакадалык көпүрө курулат. Ал эми көп кар жааган Ашуу-Суу ашуусун өтүү үчүн узундугу 3,8 чакырым болгон дагы бир тоннель курулат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»