АКИpress - Бишкек шаарындагы «Ынтымак» псейил багын жашылдандыруу маселеси 16-мартта Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү.
Депутат Азизбек Турсунбаев андагы бак-дарактарды отургузууну сынга алды. Анын айтымында, бактар так пландын негизинде отургузулган эмес, бийик эмес жана жетиштүү көлөкө бербейт. Ал мындай шартта адамдарга сейил бакта эс алуу кыйын болорун айтты.
Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев бак-дарактарды тандоодо мэрия адистердин сунуштарына таянганын билдирди. Бул үчүн токой чарбасынан, Илимдер академиясынан жана Ботаникалык бактан расмий корутундулар алынган. Анын айтымында, азыр Бишкекте 7 түрдүү жалбырактуу бакты отургузуу сунушталат. Алардын арасында клен жана гибрид терек бар. Ошондой эле ал «Ынтымак» сейил багында жетиштүү санда бак отургузулганын, ошондуктан азырынча жаңыларын отургузуу токтотулганын айтты.
Алиев айрым бактар так система менен отургузулбай калганын моюнга алды. Анын айтымында, буга чейин көптөгөн шаар тургундары жана уюмдар дал ушул паркка бак отургузууну өздөрү сунуштап келишкен. Депутат бак-дарактарды кароого көбүрөөк көңүл буруп, шаарды жашылдандырууну алдын ала туура пландоо керектигин белгиледи.