АКИpress - 17-мартта Чыңгыз Айтматов көчөсү менен Апсамат Масалиев көчөсү кесилишкен жердеги айрым үйлөрдө ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, суу саат 09:00дөн 16:00гө чейин өчүрүлөт.
Үйлөрдүн тизмеси:
- Ч. Айтматов к. 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5; 93/6.
- Т. Токтоналиев көч. 139/3; 157; 153; 153/3; 155.
- Т. Океев көч. 39/3; 39/4; 39/8; 39/7; 39/6.
Суунун өчүрүлүшү «Аэропорт» суу алуучу жайындагы оңдоп-түзөө жана алдын алуу иштерине байланыштуу.