АКИpress - Кайрат Маматов Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу 16-мартта Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин, 2023-жылдын 3-майынан тартып, кызматты Марат Пирназаров жетектеп келген.
Маматов 2024-2026-жылдары «Кыргызкөмүр» ишканасын жетектеген.