20:58, 16-март, 2026

Өлкөдө санитардык китепче санариптештирилет

На русском
16:34, 16-март, 2026 236

АКИpress - Өлкөдө “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында жаңы реформа ишке ашырылат. Ал – санитардык китепчени санариптештирүү. 

Министрлер кабинети билдиргендей, “Санарип Клиника” системасына жана “Түндүк” мобилдик тиркемесине интеграцияланган китепченин электрондук версиясы пландалууда. Муну менен каттоо процесси сегиз күндөн төрт күнгө кыскарып, медициналык мекемелерге кайрылуунун саны бештен экиге чейин кыскарып, бирдиктүү реестр жана онлайн текшерүү киргизилип, жылына 6-12 миллион сомго чейин үнөмдөлөт. 

Тиешелүү мамлекеттик мекемелерге реформаларды 100 күндүн ичинде ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»