АКИpress - Бактыбек Чойбеков №17 округдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп калышы ыктымал.
Буга чейин Нурланбек Азыгалиев депутаттык мандатын тапшырган.
Аталган округдан парламентке келе турган кийинки талапкер – Бактыбек Чойбеков. Ал 8026 добуш алып, эркек талапкерлердин ичинен үчүнчү орунду ээлеген.
Буга чейин депутаттык мандатын тапшыргандар:
Элдар Сулайманов
Нурланбек Тургунбек уулу
Кундузбек Сулайманов
Жанар Акаев – Ош шаарынын мэри болуп дайындалган
Куванычбек Конгантиев
Курманкул Зулушев
Шайырбек Ташиев.