21:35, 16-март, 2026

Ияд бин Гази Хаким Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси болду

На русском
15:31, 16-март, 2026 164

АКИpress - 16-мартта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Кыргыз Республикасына жаңы дайындалган Сауд Араб Падышалыгынын элчиси Ияд бин Гази Хакимдин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары да ырааттуу өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анын ичинде саясий диалогду тереңдетүү, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча, өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаалга басым жасоо менен пикир алмашуу болду.

Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселесине көңүл бурулду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»