00:46, 17-март, 2026

Жакынкы 30-50 жылда Жер Ортолук деңизде цунами болушу мүмкүн

На русском
15:10, 16-март, 2026 449

АКИpress - Адистер Жер Ортолук деңиз аймагында цунами коркунучу бар экенин эскертишүүдө. ЮНЕСКОнун баамында, жакынкы 30–50 жыл ичинде бул аймакта бийиктиги кеминде 1 метр болгон цунами сөзсүз болушу мүмкүн.

XX кылымдын башынан бери Жер Ортолук деңизинде жана ага чектеш аймактарда болжол менен 100 цунами катталган. Бул дүйнө жүзүндө катталган ушундай кырсыктардын 10%ына жакынын түзөт. Окумуштуулар анча бийик эмес толкундар да жээктеги калк жыш жайгашкан аймактар үчүн кооптуу болорун белгилешет.

Адатта цунами күчтүү жер титирөөлөрдөн же вулкандардын атылышынан кийин пайда болот. Ал бир нече толкун менен удаа келиши мүмкүн, мында биринчи толкун дайыма эле эң күчтүүсү боло бербейт. Негизги коркунучту күчтүү агымдар жаратат. Алар портторду каптап, сууга түшкөн адамдарга коркунуч туудуруп, жээктеги инфратүзүмдөргө олуттуу зыян келтириши мүмкүн.

Эң кооптуу аймактардын бири — Греция, айрыкча Крит аралы, Эллин жаасы жана Эге деңизи. Бул жерде Африка тектоникалык плитасы Евразия плитасынын алдына кирет. Тарыхтагы эң белгилүү мисалдардын бири — 365-жылы Критте болгон жер титирөө. Андан кийин күчтүү цунами чыгыш Жер Ортолук деңизине чейин тараган.

Кооптуу аймактарга Италиянын түштүгү, Сицилия жана Мессин кысыгы да кирет. 1908-жылы бул жерде болгон жер титирөөдөн кийин бийиктиги 13 метрге жеткен цунами катталган. Испаниянын жээгинде, өзгөчө Балеар аралдары менен Валенсиянын аймагында, ошондой эле Алжир менен Марокконун жээктеринде да коркунуч бар. Португалиянын жээгинде да цунами болуу коркунучу жогору. Бул жерде Африка жана Евразия плиталары кесилишет.

Тынч океандын сейсмикалык жактан активдүү аймактарындагыдай өтө чоң толкундар азыраак болушу мүмкүн, бирок адистер бул коркунучту реалдуу деп эсептешет.

Кооптуу аймактардын катарына Түркиянын батышы, айрыкча Измир менен Бодрумдун жанындагы Эге деңиз жээги да кирет. Франциянын түштүк жээгинде — Ницца, Марсел жана Тулон аймактарында да орточо деңгээлдеги коркунуч бар.

Жер Ортолук деңизинин өзгөчөлүгү — анын аянтынын салыштырмалуу кичине болушу. Ошондуктан жер титирөөдөн кийин цунами жээкке 20–40 мүнөттүн ичинде жетип келиши мүмкүн. Бул калкты алдын ала эскертип, эвакуациялоого өтө аз убакыт калтырарын билдирет.

Учурда аймактагы өлкөлөр ЮНЕСКОнун цунами боюнча эскертүү тутумуна катышууда. Франция, Италия, Греция, Түркия жана Португалияда коркунуч жаралса сигнал бере турган өз улуттук мониторинг жана эскертүү борборлору да бар.

Адистердин айтымында, эң жогорку тектоникалык активдүүлүк Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндө — Греция, Түркия жана Италиянын жээктеринде байкалат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»