02:12, 17-март, 2026

Сүрөт — «ЦУМдун» жанындагы курулуш бузулгандан кийин кайра кандай оргума курулат?

13:24, 16-март, 2026 496

АКИpress - 16-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү.

Азыркы учурда ал жерде мурда курулган конструкцияны демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле оргуманы калыбына келтирүү жана жашыл аймакты көрктөндүрүү каралган эскиздик долбоор даярдалды.

Шаар башчысы «Айчүрөк» соода борборунун жетекчилигине кайрылып, мурдагы каталарды кайталабоого чакырды.

«Бүгүн силер аймакты кайра тосуп жатасыңар, эртең ал жерде бутиктер пайда болуп кетиши мүмкүн. Бул жерди шаар тургундары үчүн ачык кылып, коомдук эс алуу аймагын түзүү зарыл», - деди мэр.

Мэр демонтаж иштеринен кийин аймакты тез арада калыбына келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин баштоо үчүн акыркы долбоорду кийинки шаар куруу кеңешинин жыйынына даярдоону тапшырды.

Ошондой эле шаар башчысы «Ташболот холдинг» компаниясынын өкүлдөрү менен бирге «Old Bishkek» долбоорунун аймагын да текшерди. Бул жерде менчик ээлери үч кабаттуу имаратты демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен бул аймакта жашыл зона уюштуруу пландалууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр шаардык кызматтарга бул долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлгө алууну тапшырды. Мындан тышкары Чүй проспектисинин боюндагы бардык объектилер, анын ичинде «Beren Gold» имараты да борбор калаанын дизайн-кодуна ылайык келтирилиши керек.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»