АКИpress - Киши өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
15-март күнү саат 06:47де Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери көкүрөк тушуна бычак жеген 46 жаштагы кишинин жансыз денесин отурган абалда табышкан.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталды. Кылмышка шектүү катары маркумдун жарандык никедеги аялы — 1974-жылы туулган К.Ж. кармалды.