17:58, 16-март, 2026

Бишкекте +13 градус – 17-мартка карата аба ырайы

13:36, 16-март, 2026 428

АКИpress - Кыргызгидромет билдиргендей, 17-мартка караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге, Ысык-Көл облусунун акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -1…+4

күндүз +9…+14

Талас облусу

түнкүсүн -2…+3

күндүз +6…+11

Баткен облусу

түнкүсүн 0…+5

күндүз +12…+17

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн 0…+5

күндүз +12…+17

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -1...-6

күндүз +6…+11

Нарын облусу

түнкүсүн -3…-8

күндүз +1…+6

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн абанын температурасы 0…+2, күндүз  +11…+13 градус болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»