18:14, 16-март, 2026

Кыргызстан менен Гананын тышкы иштер министрлери кызматташтыкты талкуулашты

На русском
11:43, 16-март, 2026 169

АКИpress - 16-мартта Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гананын тышкы иштер министри Сэмюэл Окузето Аблакванын жолугушуусу өтүүдө.

Гананын тышкы иштер министри Кыргызстандын ТИМ башчысынын чакыруусу менен 15-март күнү өлкөгө расмий сапар менен келген.

Жээнбек Кулубаев Гананын ТИМ башчысынын Кыргызстанга болгон бул алгачкы сапарын белгилеп, Гананын 6-мартта белгиленген Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Биздин өткөн жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында болгон жолугушуубуз эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берген. Бүгүн бизде бул кызматташтыктын конкреттүү багыттарын жана артыкчылыктарын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деди Кулубаев.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»