16:58, 18-март, 2026

Ташиев кызматтан кеткенден кийинки кадрдык өзгөрүүлөр

На русском
10:33, 16-март, 2026 6537

АКИpress - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан баштап бир катар жетекчилер кызматтарынан кетип жатат.

Мындай процесс Жогорку Кеңеште да уланууда. Эки айдын аралыгында 9 депутат мандатынан кол жууду.

Кадрдык өзгөрүүлөр:

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 10-февралда кызматынан алынды. Анын ордуна Жумгалбек Шабданбеков келди.


УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары — Курванбек Авазов кызматынан алынып, анын ордуна Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулган Рустам Мамасадыков келди. 


УКМКнын төрагасынын орун басары — УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору Даниэл Рысалиев кызматынан бошотулду.


Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары — УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды. 


Тимур Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Акылбек Намазов келди. 


Элизар Сманов УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан алынды.


УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Элдар Жакыпбеков кызматынан алынып, анын ордуна Улан Бийбосунов келди.


УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Салмоор Жумабеков кызматынан алынып, анын ордуна Канат Табалдиев башчы болуп дайындалды.  


20-февралда Тынчтык Субанкуловдун ордуна Саламат Сартов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. 


Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулган Рустам Мамасадыковдун ордуна Адилет Орозбеков дайындалды. 


Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылып, Абдикарим Алимбаев жетекчи кызматында калды. 


Марат Маралбаев Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси кызматынан бошотулду. Мирзамир Сыдыков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси болуп дайындалды. 


13-февралда Алмасбек Абытов президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду. Анын ордуна Бектур Зулпиев келди. 


16-февралда транспорт жана коммуникациялар министри — Абсаттар Сыргабаев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Талантбек Солтобаев келди.


20-февралда транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев министрдин биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Тариэл Жаныбеков келди.


Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев кызматына бошотулуп, анын ордуна Бактылуу Момбеков Рыскул уулу келди. 

Талгат Уметалиев да транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Улукбек Жанибеков келди.


Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызматынан бошотулуп, анын ордуна Акыл Токтобаев келди.


Болот Жусупбеков жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жаныш Сейдалиев дайындалды. 


Марат Жусупбековдун ордуна Амантур Турсуниязов жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары — Кыргыз геологиялык кызматынын директору болду.


Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматтан кетип, учурда бул кызматты Канатбек Чыныбаев аркалоодо. 


Азамат Мамбетов өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары кызматынан төмөндөтүлдү. Учурда ал министрдин орун басары. Ал эми Акылбек Мазарипов биринчи орун басар болду.


Эрнест Жусупов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Искендер Сулайманов келди. 


24-февралда Бакыт Төрөбаев Минкаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан бошоду. Анын ордуна Эрлист Акунбеков келди. 


9-мартта Бектен Бекболотов суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары кызматынан бошотулду. Анын ордуна Айбек Шаменов айыл чарба министринин орун басары болду. 


9-мартта Жаныбек Керималиев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.


21-февралда саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов кызматынан алынып, анын ордуна Тилек Мамадалиев келди.


24-февралда саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматынан кетип, анын ордуна Дамирбек Осмонов келди. 


13-мартта Гүлбара Ишенапысова саламаттыкты сактоо министринин орун басары — башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалды. Ал Рыспек Сыдыгалиевдин ордуна дайындалды. 


Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков кызматынан кетип, анын ордуна Айбек Айдаров келди.


Башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов кызматтан кетип, анын ордуна Малик Бектурганов келди.


Залкарбек Акназаров башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды.


Руфат Абдуразаков Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.


Мирлан Рыскелдиев Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын башчысы болуп дайындалды.


Эрик Абдылдаев ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жетекчисине орун басар болду.


Бакыт Дарманкул уулу эмгек, миграция, социалдык камсыздоо министринин орун басары кызматынан кетип, анын ордуна Бишкектин каржы тармагы боюнча вице-мэри Мирлан Байгончоков дайындалды. 


Казыбек Молдажиев Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду. Анын ордуна Урмат Асанбаев дайындалды.


Алмазбек Усенов жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Анын ордуна Кутман Мамыров дайындалды.


Жогорку Кеңеш

12-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев келди. 


Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Карим Ханжеза кызматын тапшырып, анын ордуна Болот Ибрагимов келди.


Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Чыңгыз Ажибаев кызматын депутат Медер Алиевге өткөрүп берди.


Мандат тапшыруу

17-февралда Элдар Сулайманов мандатын тапшырып, анын ордуна Азизбек Абдуллаев келди.


18-февралда президенттин жарлыгы менен Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, анын мандаты Таалайбек Сарыбашовго өттү. 


19-февралда депутат Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырып, анын ордуна Жайлообай Нышанов келди. 


23-февралда депутат Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырып, анын ордуна Райымберди Дүйшембиев келди.


10-мартта депутат Куванычбек Конгантиев мандатын тапшырды. Эртеси күнү ал алдамчылыкка айыпталып, камакка алынды


13-мартта депутат Курманкул Зулушев мандатын тапшырды.


14-мартта Шайырбек Ташиев мандатын тапшырды.


15-мартта депутат Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырды.


16-мартта депутат Гүлсүнкан Жунушалиева мандатын тапшырды.


Аймактар

3-мартта Азамат Осмонов президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Анын ордуна Элкинбек Аширбаев дайындалды.


Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Анын ордуна Мамыржан Рахимов дайындалды.


Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев кызматын өз арызы менен тапшырып, анын ордуна депутат Жанар Акаев келди.


Адилет Шаршеналы уулу кызматынан бошотулуп, Оморбек Торобаев Оштун мэринин биринчи орун басары болду. 


Ош мэринин шаардык чарба жана транспорт маселелери боюнча орун басары Сонунбек Жунусбаев кызматтан алынып, Эрнис Толтоев вице-мэр болду.


Ош шаарынын мэринин социалдык тармак боюнча орун басары Нурлан Закировдун ордуна Масуда Айдарбекова дайындалды. 


Шумкарбек Пайзиев Ош мэринин курулуш тармагы боюнча орун басары Мирлан Казыбай уулунун ордуна келди. 


9-мартта Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев кызматтан бошоп, анын ордуна Талантбек Иманов келди. 


5-мартта Раззаков шаарынын мэри Адилбек Жоробаев кызматтан кетти.  


20-мартта Эрнисбек Ормоков Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Абдупата Маткаликов келди.


Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев кызматынан бошотулду. Анын ордуна Дамирбек Давлянов келди.


Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов кызматын тапшырып, анын ордуна Аскат Талант уулу келди.


Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев кызматын тапшырды. 


Алтынбек Эргешов Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Кутпидин Шакиров дайындалды.


6-мартта Залкарбек Каримов Нарын районунун акими болуп дайындалды.


7-мартта Адыл Сапаров Алай районунун акими болуп дайындалды. 


Дамир Кулубаев Сузак районуна Баратбек Сыдыкназаровдун ордуна аким болду.


Манас Мураталиев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими кызматынан бошотулду. Анын ордуна Нурлан Эшмукамбет уулу дайындалды.


Зарылбек Тыныбек уулу Бакай-Ата районунун акими болуп дайындалды. 


Канат Табалдиев Ош облусунун Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулуп, анын ордуна Чыңгыз Бапаев аким болду.


Тизме толукталууда...

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»