АКИpress - Кыргызстандык спортчу Арваз Ахмади Таиландда өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде 2-орунду ээледи.
19 жашка чейинки спортчулар арасындагы «World Boxing Futures Cup» мелдеши 15-мартта Бангкок шаарында жыйынтыкталды.
Ахмади 70 кг чейинки салмак категориясында ат салышты, бул категорияга 40 спортчу катышкан.
Кыргызстандык спортчу 1/16 финалдан баштап, катары менен төрт жеңишке жетип, финалга чыккан.
Чечүүчү беттеште Ахмади Казакстандык спортчу менен күч сынашты. 3 мүнөттөн турган үч раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар жеңишти казакстандык спортчуга беришти.
Кыргызстандык спортчу күмүш медалга ээ болду.
70 кг чейин
1/16 финал
Арваз Ахмади - Ян Сикора (Чехия) — 5:0 (30-27, 30-27, 30-27, 30-27, 30-27)
1/8 финал
Левенте Турос (Венгрия) - Арваз Ахмади — Ахмади биринчи раундда жеңди
Чейрек финал
Майкл Моган (Англия) - Арваз Ахмади — 0:5 (27-30, 27-30, 27-30, 27-30, 28-30)
Жарым финал
Арваз Ахмади - Хао Ву (Кытай) — 5:0 (30-27, 30-27, 30-25, 30-27, 30-28)
Финал
Бибарыс Ашырбай (Казакстан) - Арваз Ахмади — 3:2 (29-28, 28-29, 29-28, 28-29, 29-28)