13:37, 16-март, 2026

Ирандын тышкы иштер министри АКШнын Можтаба Хаменеи боюнча билдирүүлөрүн четке какты

На русском
09:36, 16-март, 2026 606

АКИpress - Ирандын жаңы жогорку лидери Можтаба Хаменеи тирүү, саламат жана өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи билдирди.

Анын сөзүн «Fars» жана «ISNA» агенттиктери жазып чыгышты. Муну менен Тегеран АКШ тараптын Хаменеинин абалы тууралуу билдирүүлөрүн четке какты. Буга чейин, 14-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп «NBC» телеканалына берген маегинде Ирандын жаңы жогорку лидери тирүүбү же жокпу, буга күмөн санай турганын айткан. Андан мурда АКШнын коргоо министри Пит Хегсет брифингде Можтаба Хаменеи жаракат алып, балким, оор жарадар болгонун билдирген. Анын айтымында, буга Хаменеинин видео же аудио кайрылуусунун жарыяланбаганы негиз болушу мүмкүн.

Иран мындай маалыматтарды буга чейин да четке каккан. 12-мартта Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи жаңы жогорку лидер чындап эле жаракат алганын, бирок азыр анын абалы жакшы экенин айткан. Хаменеи эмне үчүн бул кызматка атасы каза болгондон кийин келгенден бери эл алдына чыга элек деген суроого дипломат анын ден соолугунун абалынан улам азырынча эл алдында сүйлөө ыңгайсыз болуп жатканын билдирген.

Ошол эле күнү Хаменеи биринчи расмий жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн жасаган. Анда Иран АКШ жана Израилге каршы согушта жаңы фронттордун ачылышына жол берилиши мүмкүн экендиги айтылган. Андан бир күн мурда, 11-мартта Иран өкмөтүнүн кеңешчиси жана өлкө президентинин уулу Юсеф Пезешкиан да Хаменеинин жаракат алганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, анын аман-эсен экенин билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»