18:13, 15-март, 2026

БШКга Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин мандатын тапшыруу боюнча арызы түштү

На русском
13:28, 15-март, 2026 860

АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясына Нурланбек Азыгалиевдин Жогорку Кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарын тапшыруу боюнча арызы түштү.

15-мартта БШК аталган арызды карап чыгат.

Азыгалиев №17 округдан 12 миң 20 добуш менен шайланган. Ал «Эл үмүтү-Ата Журт» депутаттык тобунун мүчөсү болуп саналат.

Буга чейин депутаттык мандатын тапшыргандар:

Элдар Сулайманов

Нурланбек Тургунбек уулу

Кундузбек Сулайманов

Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

Кубанычбек Конгантиев

Курманкул Зулушев

Шайырбек Ташиев

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»