02:29, 16-март, 2026

Сауд Арабиядан 142 кыргызстандык мекенге кайтып келди

На русском
12:49, 15-март, 2026 625

АКИpress - Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн репатриациялоо (жарандарды мекенине кайтаруу) иш-чараларынын кезектеги этабы аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

15-мартта саат 06:30да «Манас» эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан Кыргызстандын 142 жараны келди.

Буга чейин маалымдалгандай, биринчи этапта Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн кыргызстандыктар атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилген.

ТИМ Кыргызстандын жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөлөргө убактылуу барбоону сунуштайт.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»