АКИpress - 14-мартта тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Гана Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Макариос Аканбеанаба Аканбонгдон ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-гана мамилелерин өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде Гананын тышкы иштер министри Самюэл Окузето Аблакванын Кыргызстанга боло турган расмий сапарын талкуулашты.