АКИpress - Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссия Ташиев Шайырбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын анын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Анын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Шайырбек Ташиев №11 шайлоо округу боюнча 24 миң 302 добуш менен шайланган. Ал «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык топтун мүчөсү болчу.
Буга чейин депутаттык мандатын тапшыргандар:
Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалды
Шайырбек Ташиев №11 округдан Алтынбек Кылычбаев жана Венера Салямова менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. №11 округдун чек арасы: Манас шаары толугу менен, Көк-Жаңгак шаары, Сузак районунун Барпы жана Багыш айыл аймактары толугу менен.