18:47, 14-март, 2026

Шайырбек Ташиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

На русском
17:15, 14-март, 2026 593

АКИpress - Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссия Ташиев Шайырбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын анын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Анын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Шайырбек Ташиев №11 шайлоо округу боюнча 24 миң 302 добуш менен шайланган. Ал «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык топтун мүчөсү болчу.

Буга чейин депутаттык мандатын тапшыргандар:

Элдар Сулайманов

Нурланбек Тургунбек уулу

Кундузбek Сулайманов

Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

Кубанычбек Конгантиев

Курманкул Зулушев

Шайырбек Ташиев №11 округдан Алтынбек Кылычбаев жана Венера Салямова менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. №11 округдун чек арасы: Манас шаары толугу менен, Көк-Жаңгак шаары, Сузак районунун Барпы жана Багыш айыл аймактары толугу менен.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»