05:09, 15-март, 2026

Садыр Жапаров Эл аралык суу-мотор спорту союзунун башчысы Рафаэле Чиуллини кабыл алды

На русском
15:22, 14-март, 2026 445

АКИpress - 14-мартта президент Садыр Жапаров Эл аралык суу-мотор союзунун (UIM) президенти Раффаэле Чиуллини кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда аталган спорт түрү боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана союздун колдоосу менен Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Мамлекет башчысы союздун дүйнөлүк биринчиликти Кыргызстанда өткөрүүгө даярдыгы, ошондой эле өлкө акыркы жылдары спорт, туризм жана ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү жаатында эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда эки аэропорт — Каракол жана Тамчы эл аралык аэропорттору иштеп жатканына токтолду. Экөө тең эл аралык макамга ээ болуп, туристтерди кабыл алууда. Мындан тышкары, көл жээгинде беш жана жети жылдыздуу мейманканалардын курулушу жүрүп жатат.

Өз кезегинде Раффаэле Чиулли Дүйнөлүк кубок суу-мотор спортунун дүйнөлүк фестивалы экенин белгиледи, анын ичинде эң абройлуу «F1H2O» классындагы катерлер менен королдук жарыш боюнча дүйнө чемпионаты, ошондой эле аквабайк, мотосерф боюнча көрсөтмө жарыштар жана гидрофлайборд бар.

Ал буга чейин мындай мелдештер Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Индонезия, Сауд Арабиясы, Вьетнам жана башка өлкөлөрдө өткөнүн айтып, суу үстүндөгү жарыштар дүйнөдөгү эң көркөм жана кызыктуу спорт түрлөрүнүн бири экенин белгиледи. Алар дүйнөнүн 86дан ашуун өлкөсүндө көрсөтүлүп, 900 млндон ашуун көрүүчүнү камтыйт.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров жана  Раффаэле Чиулли Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлө турган суудагы «Формула-1» дүйнө кубогу Ысык-Көлдүн эбегейсиз туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, улуттук брендди эл аралык аренада илгерилетүүнүн натыйжалуу куралы болоруна ишеним билдиришти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»