18:17, 14-март, 2026

Жогорку Кеңештин төрагасы жана Түркиянын элчиси парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулашты

На русском
12:42, 14-март, 2026 224

АКИpress - 13-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окемди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар саясий-экономикалык байланыш маселелерин талкуулап, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо тууралуу сүйлөшүштү.

Маматалиев Кыргызстан жетишилген бардык келишимдерди ишке ашыруу үчүн парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышында да Түркия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу түзүлгөнүн маалымдады.

Түркиянын элчиси төрагага элчиликтин ишмердүүлүгүнүн алкагында аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берип, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болуп, бул жааттагы бир катар долбоорлор талкууланды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»