06:42, 16-март, 2026
Учурда окулуп жатат
10:27, 14-март, 2026 (11 адам окуп жатат)
Жол эрежесин бузган айдоочу кармалды

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом керектелет, - мэрия

На русском
10:15, 14-март, 2026 394

АКИpress - Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүү үчүн болжол менен 39 млрд сом талап кылынат. Бул тууралуу борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борборду өнүктүрүүгө зарыл болгон каражаттын көлөмү боюнча эсептөөлөр жүргүзүлөбү деп кызыкты.

Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр даярдалганын белгиледи. Анын айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча, жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүүгө 39 миллиард сомго жакын каражат керектелет.

Ал бул каражаттар шаардык бюджеттен сырткары экенин тактады. Каржылоону борбордун жаңы аймактарында инженердик коммуникацияларды курууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багыттоо пландалууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»