02:15, 15-март, 2026

Казакстанда Конституция боюнча референдум алдындагы жымжырттык күнү башталды

На русском
09:27, 14-март, 2026 620

АКИpress - 14-март — Казакстанда жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча республикалык референдумдун алдындагы жымжырттык күнү. Жарандар 15-мартта добуш беришет.

Буга байланыштуу 14-15-мартта ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат. Бирок добуш берүү жайларынан тышкары жайгашкан үгүт плакаттары ордунда кала берет.

Калкты сурамжылоого байланыштуу да өзгөчө эрежелер да бар. Мыйзам боюнча, референдумдун жыйынтыгы же алдын ала божомолдор боюнча изилдөөлөрдүн натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттары менен интернетте 5 күн мурда же референдум өтүп жаткан учурда жарыялоого болбойт. Эрежелерди бузган учурда административдик жоопкерчилик бар.

Бул ирет 12 миллиондон ашуун шайлоочу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Добуш берүү жайлары жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 — 20:00 аралыгында ачык болот.

Референдумдагы бюллетенде бир гана суроо бар:

«Сиз Казакстан Республикасынын 2026-жылдын 12-февралында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган жаңы Конституциясынын долбоорун колдойсузбу?».

Жалпысынан өзгөртүүлөр өлкөнүн баш мыйзамынын 84 пайызына тиешелүү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»