19:09, 13-март, 2026

Түркия тарап Иран учурган ракетаны бөгөттөп калганын маалымдады

16:26, 13-март, 2026 462

АКИpress - 13-мартка караган түнү Түркиянын Адана провинциясынын аба мейкиндигинен баллистикалык ракета жок кылынгандыгын өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдады.

«Ирандан учурулган жана Түркиянын аба мейкиндигине кирген баллистикалык ок-дары Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жайгаштырылган Түндүк Атлантика аскердик-саясий альянсынын (НАТО) абадан коргонуу жана ракетадан коргонуу каражаттары тарабынан зыянсыздандырылды. 

Окуянын бардык аспектилерин тактоо үчүн тиешелүү өлкө менен консультациялар жүргүзүлүүдө», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бул өлкөнүн аймагынан зыянсыздандырылып жаткан Ирандын 3-жолу ракетасы.

Аталган провинцияда АКШнын «İncirlik» аталышындагы аскер аба базасы бар.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»