АКИpress - Кыргызстанда кардиологиялык жардамдын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип жатканын саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда кардиология олуттуу ийгиликтерге жетишкен.
«Жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбү, анын ичинде инфаркттар актуалдуу көйгөй бойдон калууда. Аларды өз убагында дарылоо үчүн өлкөдө ангиографиялык текшерүү колдонулат», - деди Мамадалиев.
Ал белгилегендей, курч миокард инфаркттарында ооруканага жаткырылган бейтаптарга стенттерди орнотуу мамлекеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.