АКИpress - 10-марттан 11-мартка караган түнү Алжирдин Айн-Сефра шаарында, Сахара чөлүнүн түндүгүндө, кар жаады. Жаан-чачын кыска убакытка созулуп, тармактык метеостанция тарабынан катталган.
Аймак деңиз деңгээлинен 1059 м бийиктикте жайгашкандыгына карабастан, Сахара үчүн бул чанда кездешкен кубулуш: акыркы 40 жыл ичинде кар бул жерге болгону 7 жолу гана жааган.