АКИpress - 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтө турган күрөш боюнча Азия чемпионатына катыша турчу Кыргызстандын кыз-келиндер командасынын курамы белгилүү болду.
Маалым болгондой, мелдештин бул түрү боюнча өлкө намысын 9 спортчу коргойт.
Кыргызстандын кыз-келиндер командасынын курамы:
53 кг чейин — Азиза Келдибекова
55 кг чейин — Арууке Кадырбек кызы
57 кг чейин — Таңчолпон Кыбалбекова
59 кг чейин — Сезим Жуманазарова
62 кг чейин — Дилназ Сазанова
65 кг чейин — Гүлнура Таштанбекова
68 кг чейин — Мээрим Жуманазарова
72 кг чейин — Нурзат Нуртаева
76 кг чейин — Айпери Медет кызы
Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков
Улук машыктыруучу — Нурдин Дөнбаев.