18:30, 13-март, 2026

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт катталды

На русском
10:57, 13-март, 2026 137

АКИpress - Кыргызстандын аймагында өткөн суткада 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттөр:

Чүй облусунда — 3,

Ысык-Көл облусунда — 2,

Бишкек шаарында, Нарын жана Ош облустарында — 1ден катталган.

Бишкек шаарындагы учур:

Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган контейнердин ичинде 2 чарчы метр аянтта курулуш таштандылары күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»