13:41, 13-март, 2026

Аламүдүн-1деги Ауэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү буздурулуп, сквер уюштурулат

На русском
10:45, 13-март, 2026 230

АКИpress - 12-мартта Ауэзов көчөсүндө жайгашкан соода күркөлөрүнүн ээлерине жана сатуучуларына объекттерди демонтаждоо тууралуу эскертүү берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ишкерлерге «Чынар» жана «Аламүдүн» базарларында соода жүргүзүү үчүн альтернативдик жайлар сунушталган, бирок жарандар баш тартышкан.

2017-жылы аталган дарек боюнча 24 жер тилке соода объекттерин жайгаштыруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө бул күркөлөр жашыл аймакка жайгаштырылгандыгы аныкталган.

Мындан улам Бишкек шаардык мэриясынын комиссиясы аталган соода объекттерин жайгаштыруу боюнча келишимдерди бузуу чечимин кабыл алган. Эми күркөлөр буздурулууга тийиш.

Мэриядан 2026-жылдын 28-февралында Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы күркөлөрдүн ээлерине ыктыярдуу демонтаждоо зарылчылыгы тууралуу эскертүү бергендигин белгилешти. Бирок менчик ээлер тарабынан эч кандай реакция болгон эмес.

11-мартта объекттерге электр жана суу берилбей калды.

Ал жерге Аламүдүн-1 кичи районунун тургундары үчүн чакан сквер куруу пландалууда.

Эгерде талаптар аткарылбаса мажбурлап демонтаждоо жүргүзүлөрү кошумчаланды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»