АКИpress - Акыркы үч жылда Түштүк Кореядан Россияга мыйзамсыз түрдө дээрлик 4 миң унаа чыгарылган. Бул тууралуу «Yonhap» агенттиги Түштүк Кореянын бийлигине шилтеме берүү менен жазды.
Кореянын Бажы кызматынын маалыматына караганда, 2023–2025-жылдары 3705 унаа Казакстанга, Кыргызстанга жана Россия менен коңшу башка өлкөлөргө жөнөтүлөт деп жасалма түрдө таризделген. Бирок жыйынтыгында ал унаалар санкцияларды айланып өтүп, Россияга жеткирилген. Алардын жалпы баасы 179,6 млрд вонду же 121,2 млн долларды түзгөн. Түштүк Корея Россияга жана Беларуска кыймылдаткычынын көлөмү 2 миң куб сантиметрден жогору болгон унааларды, ошондой эле баасы 50 миң доллардан ашкан кымбат унааларды экспорттоого тыюу салган. Бул чектөөлөр Украинадагы согуш башталгандан кийин киргизилген.
Кореянын Бажы кызматынын башчысы Ли Мён Гу бийлик мындай жеткирүүлөргө катуу бөгөт коюп, көзөмөлдү күчөтөрүн билдирди. Бул үчүн өткөн жылы түзүлгөн соода коопсуздугу тармагындагы мыйзам бузууларды иликтеген атайын бөлүм пайдаланылат.
Маалыматта айтылгандай, Түштүк Кореяда компаниялар кымбат автоунааларды көп учурда кызматтык унаа катары сатып алышат. Алардын сатып алууга, лизингге, тейлөөгө жана күйүүчү майга кеткен чыгымдары бизнес чыгымы катары көрсөтүлүп, салыктын көлөмү азайтылат. Адатта мындай унаалар 2–3 жылдан кийин сатылат. Анткени ушул убакытта негизги салыктык жеңилдик колдонулуп бүтөт. Ички рынокто мындай унаалар көп болуп кеткендиктен баа төмөндөйт, ошондуктан аларды экспортко чыгаруу пайдалуураак болуп калат. Мындай унаалардын негизги сатып алуучулары Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Росссиядан, Моңголиядан жана Жакынкы Чыгыштан чыгат.