14:57, 13-март, 2026

Жумуртканын баасы эмне себептен кымбаттады? Министрликтин жообу

На русском
09:50, 13-март, 2026 492

АКИpress - Кыргызстанда тооктун жумурткасынын баасынын жогорулашына жумуртка баскан тооктордун азайышы жана рыноктогу спекуляция себеп болгон. Бул тууралуу радионун эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев билдирди.

Анын айтымында, негизги фактор катары — өткөн жылдагы баанын арзан болгондугу каралууда.

«2025-жылы көпчүлүк куш багуучуларынын чыгашасы кирешесинен жогору болгон. Көп фермердин өз чыгымдарын жабууга мүмкүнчүлүгү болгон жок», - деди ал.

Мунун кесепетинен майда чарбалардын бир бөлүгү өндүрүштү кыскарткан.

«Айрым фермерлер жумуртка баскан тоокторду союуга аргасыз болушкан, бул алардын санын азайтты», - деп түшүндүрдү Чекирбаев.

Анын айтымында, тоок башынын азайышы ушул жылы баанын жогорулашынын себептеринин бири болду.

Экинчи фактор катары ал рыноктогу спекуляцияны атады.

«Өндүрүүчүлөр жана чекене сатуучулар тарабынан белгилүү бир спекулятивдик факторлор да баанын жогорулашына таасирин тийгизди», - деди ал.

Буга байланыштуу бийлик өзүнө кеткен чыгымдарды жана баанын түзүмүн талдоо үчүн антимонополия органдарына кайрылды.

Чекирбаев учурда рынокто продукциянын таңкыстыгы жоктугун баса белгиледи.

«Биз 1-1,5 айдын ичинде өндүрүш калыбына келип, баалар төмөндөй баштайт деп күтүп жатабыз», - деди ал.

2025-жылы Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 900 млн даанадан ашты. 2026-жылы көрсөткүчтү 1 млрд даанага жеткирүү максаты коюлган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»