АКИpress - 2025-жылы Жогорку соттун аккумуляциялык эсебине мамлекеттик алым катары 506 млн 239 миң 998 сом түштү. Бул тууралуу соттун жыл жыйынтыгы боюнча өткөн пленумунун жыйынында белгилүү болду.
Пленумдун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты пленумдун катчысы, судья Түрсүнгүл Чаргынова берди.
Соттун финансы-чарба бөлүмүнүн маалыматы боюнча, бир жыл мурун кирешелер 449 млн 606 миң 470 сомду түзгөн.
Ошентип 2025-жылы мамлекеттик алымдардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 56 млн сомдон ашык суммага көбөйгөн.