АКИpress - Баңгизаттарды сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
5-февралда милицияга Ж. аттуу белгисиз жаран күчтүү таасир этүүчү заттарды сатуу менен алектенгендиги тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан 1995-жылы туулган Ж.О. аттуу жаранды кармашкан. Ал гашиш сатуу менен алектенип жүргөнү аныкталган.
Кармоо учурунда андан өзгөчө жыты бар кочкул түстөгү зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат гашиш баңги каражаты экени тастыкталды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.