12:10, 12-март, 2026

Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам тарыхтагы эң чоң мунай кору пайдаланууга берилет

На русском
10:14, 12-март, 2026 433

АКИpress - Эл аралык энергетика агенттиги өз тарыхында эң ири мамлекеттик мунай корун — жалпы көлөмдүн үчтөн бир бөлүгүн түзгөн 400 миллион баррелди рынокко чыгарат, деп билдирет «The Guardian» 11-мартта.

Агенттиктин32 мүчөсү  ушундай көлөмдөгү мунайды базарга чыгарууга бир добуштан макул болушкан.

Муну менен агенттик АКШ жана Израилдин Иран менен болгон согушунун, ошондой эле дүйнөлүк мунайдын төрттөн бир бөлүгү ташылган Ормуз кысыгынын жабылышынын кесепетинен келип чыккан мунай рыногундагы шокту жумшартууга аракет кылууда.

Жапониянын бийлиги 18-марттан тарта өздөрүнүн жеке жана мамлекеттик мунай резервдеринен 80 миллионго жакын баррелди рынокко чыгарарын билдирди. Германия 19,51 миллион баррел чийки мунайды колдонорун жарыялады.

G7 өлкөлөрүнүн энергетика министрлери стратегиялык мунай запастарын пайдаланууну колдой тургандыктарын билдиришти.

АКШ өлкөнүн стратегиялык запасынан 172 миллион баррел мунай бөлүп берет, деп билдирди энергетика министри Крис Райт. Жеткирүү иштери кийинки жумада башталып, болжол менен 120 күнгө созулат.

Министр кийинки бир жыл ичинде 200 миллионго жакын баррел мунай сатып алуу пландалып жатканын белгиледи.

Эл аралык энергетика агенттиги мындай чарага акыркы жолу 2022-жылы Орусия Украинадагы кол салгандан кийин барган. Ал жылы  рынокко 182 миллион баррел мунай чыгарган эле.

Ормуз кысыгы аркылуу сооданын токтошунан улам дүйнөлүк рынок күн сайын болжол менен 15 миллион баррел мунай жоготууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»