13:25, 12-март, 2026

Ормуз кысыгындагы 3 кемеге чабуул жасалды

На русском
09:38, 12-март, 2026 535

АКИpress - 11-мартта Ормуз кысыгынын аймагында жарандык 3 кеме аткылоого кабылганын «BBC News» жазды.

Тайланддын желеги менен сүзгөн «Mayuree Naree» аттуу жүк ташуучу кемеде аткылоодон кийин өрт чыккан. Экипаждагы 23 адамдын баары Оман деңиз аскерлери тарабынан эвакуацияланды. Кеме Бириккен Араб Эмираттарындагы Халифа портунан чыккан.

Ошондой эле Япониянын желеги менен сүзгөн «One Majesty» контейнер ташуучу кемеси да аткылоого кабылган. Анын корпусунда диаметри 10 сантиметрлик тешик пайда болгон. Азыр кеме жакынкы коопсуз портко багыт алды. Ал БAEдеги Рас-эль-Хайма портунан чыккан. Маршалл аралдарынын желеги менен сүзгөн «Star Gwyneth» аттуу дагы бир жүк ташуучу кеме да жабыркады. Экипаж мүчөлөрү аман калды. Кеме багытын өзгөртүп-өзгөртпөгөнү айтылган жок.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган эки жүк ташуучу кемеге сокку урганын билдирди. КСИРдин маалыматы боюнча, алардын бири — Либериянын желеги менен сүзгөн, Израил менен байланышкан «Express Rome» кемеси. Экинчиси — Тайландга таандык «Mayuree Naree» кемеси. Иран бул эки кеме эскертүүлөргө жооп бербей койгонун айтууда.

Ошол эле учурда бир нече дрон Омандын Салала портундагы мунай резервуарларына сокку урду. Омандык «ONA» агенттигинин маалыматына ылайык, дрондордун бир бөлүгү атып түшүрүлгөн, бирок айрымдары бутага жетип, күйүүчү май сактоочу жайларга тийген. Чабуулдан кийин резервуарлардын бири өрттөнгөн. Порттун иши убактылуу токтотулду. Жабыркагандар жок.

Британиянын деңиз соода операциялары боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, 28-февралдан бери Перс булуңу, Ормуз кысыгы жана Оман булуңу аймагында кемелерге байланыштуу кеминде 14 окуя катталган. Алардын 10у түздөн-түз чабуул катары бааланган.

Буга чейин Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн бардык кемелерге сокку уруларын эскерткен. АКШ менен Израилдин аскердик операциясы башталгандан кийин, дүйнөлүк мунай жана газдын болжол менен бештен бири өтүүчү бул кысык иш жүзүндө жабылды. Иран ошондой эле бул аймакты АКШнын, Израилдин жана алардын союздаштарынын кемелери үчүн жабарын билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»