АКИpress - Кыргызстандык спортчу Мухаммадали Каныбеков Черногорияда өткөн жаштар арасындагы бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээледи.
«Адриатика бермети» турнири 19 жашка чейинки спортчулардын катышуусунда 4-мартта Будва шаарында башталган.
Каныбеков 50 кг салмак ченинде күч сынашты, бул категорияда жалпы 7 спортчу катталган.
Чүчү кулактын жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчу дароо жарым финалга өткөн жана бул баскычта казакстандык спортчуга туш келген.
Каныбеков 0:5 эсебинде жеңилүү ызасын тартканы менен 3-орунга ээ болуп, коло медаль менен сыйланды.
50 кг чейин