АКИpress - Дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Ишенбеков Урмат Бактыбекович изделүүдө, деп маалымдады Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.
2026-жылдын 16-февралында анын апасы милицияга кайрылып, улуу 2023-жылы Бишкек шаарында жашаганын, бирок апрель айында Москвага билет алып, досу менен бирге учуп кеткенин айткан. Акыркы жолу ал 2025-жылдын 24-декабрында байланышка чыккан. Андан бери андан дайын жок. Аталган факт каттоого алынды. Белгилери:
- бою: 160–165 см
- салмагы: 60–65 кг
- дене түзүлүшү: орто
- чачы: кара, узун
- өзгөчө белгиси: сол тизесинде тырык бар.
Милиция издөөдөгү жарандын жүргөн жери тууралуу маалыматы барларды 0224 214 346, 0551 088 330 номурлары аркылуу байланышууга чакырат.