13:31, 12-март, 2026

23 жаштагы Урмат Ишенбеков изделүүдө

На русском
09:22, 12-март, 2026 366

АКИpress - Дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Ишенбеков Урмат Бактыбекович изделүүдө, деп маалымдады Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

2026-жылдын 16-февралында анын апасы милицияга кайрылып, улуу 2023-жылы Бишкек шаарында жашаганын, бирок апрель айында Москвага билет алып, досу менен бирге учуп кеткенин айткан. Акыркы жолу ал 2025-жылдын 24-декабрында байланышка чыккан. Андан бери андан дайын жок. Аталган факт каттоого алынды. Белгилери:

  • бою: 160–165 см
  • салмагы: 60–65 кг 
  • дене түзүлүшү: орто
  • чачы: кара, узун 
  • өзгөчө белгиси: сол тизесинде тырык бар.

Милиция издөөдөгү жарандын жүргөн жери тууралуу маалыматы барларды 0224 214 346, 0551 088 330 номурлары аркылуу байланышууга чакырат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»