АКИpress - Кыргызстандык спортчу Искандар Расулжанов Черногорияда өткөн жаштар арасындагы бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээледи.
19 жашка чейинки боксчулар катышкан «Адриатика бермети» турнири 4-мартта Будва шаарында башталган.
Расулжанов 80 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты, бул категорияда жалпысынан 13 спортчу катталган.
Кыргызстандык боксчу 1/4 финалдан баштап, казакстандык Нурсултан Назарбаевди 5:0 эсебинде жеңип алды. Бирок 9-мартта финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Расулжанов сербиялык спортчуга утулуп калды. Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 3-орунду ээледи.
Ошондой эле 60 кг салмак ченинде Умар Орусбаев финалга чыкса, Кутманбий Муратов (70 кг чейин) коло медаль тагынды.
1/4 финал
Искандар Расулжанов - Нурсултан Назарбаев — 5:0
Жарым финал
Искандар Расулжанов - Жорже Жорич (Сербия) — 2:3