13:27, 12-март, 2026

Кыргызстандын футболчулары Мадагаскар жана Бахрейндин курамалары менен беттешет

На русском
09:09, 12-март, 2026 228

АКИpress - Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын Түркиядагы окуу-машыгуусундагы атаандаштары белгилүү болду.

Жаңы машыктыруучу Роберт Просинечки жетектеген команда 23-31-март күндөрү Анталияда болот.

Кыргыз футбол биримдиги кабарлагандай, улуттук курама эки жолдоштук беттеш өткөрөт. 26-мартта кыргызстандыктар Мадагаскар, ал эми 31-мартта Бахрейндин командасы менен күч сынашат.

Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде Кыргызстан 103-орунда, Мадагаскар 104-орунда, ал эми Бахрейн 90-орунда турат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»