АКИpress - Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын Түркиядагы окуу-машыгуусундагы атаандаштары белгилүү болду.
Жаңы машыктыруучу Роберт Просинечки жетектеген команда 23-31-март күндөрү Анталияда болот.
Кыргыз футбол биримдиги кабарлагандай, улуттук курама эки жолдоштук беттеш өткөрөт. 26-мартта кыргызстандыктар Мадагаскар, ал эми 31-мартта Бахрейндин командасы менен күч сынашат.
Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде Кыргызстан 103-орунда, Мадагаскар 104-орунда, ал эми Бахрейн 90-орунда турат.