12:07, 12-март, 2026

Минкаб Ысык-Көлдөгү 6 гектар жерди трансформациялады

На русском
09:08, 12-март, 2026 384

АКИpress - Министрлер кабинети Ысык-Көл облусундагы 6 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которду.

Тиешелүү № 142 токтом 2026-жылдын 2-мартында кабыл алынган.

Документке ылайык, тилке Каракол шаардык мэриясынын Челпек айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы № 730 контурда жайгашкан жана мамлекеттик менчикте турат. Трансформация көмөкчордонду куруу максатында жүргүзүлдү.

Каракол шаардык мэриясына жерге жайгаштыруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, тилкенин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу, ошондой эле курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»